Сертификациялоо микро жана чакан бизнесте баарлашуу, тартуу жана талдоо методикаларын, ошондой эле кредит бергенге чейин жана андан кийин орун алган кредиттик процесстер боюнча билимин кошкондо, финансылык мекеменин каалаган кызматкерине микро жана чакан ишканалардын (МЧИ) кардарларын каржылоо жаатындагы өзүнүн билимин тастыктоого мүмкүндүк берет. Окутуу жана сертификациялык тестирлөө RSBP онлайн платформасында жүргүзүлөт.
Сертификациялоо программасынын максаты МЧИ кардарлары менен жаңыдан иштей баштаган финансылык мекемелердин кызматкерлерин базалык окутууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Сертификациялоо МЧИ каржылоо чөйрөсүндөгү адисте билимдердин болушун тастыктаган шайман болуп саналат. Сертификациялоо программасы тажрыйбалуу кызматкерлер үчүн да пайдалуу болот.
Сертификатты кантип алса болот
Платформанын каалаган колдонуучусу “Микро жана чакан ишканаларды каржылоо” сертификациялоо программасында катыша алат.
Сертификациялоо программасы бир катар темаларды изилдөөнү жана жыйынтыктоочу тесттен өтүүнү камтыйт, анын жыйынтыгы боюнча электрондук сертификат берилет.
"Микро жана чакан ишканаларды каржылоо" программасы платформанын төмөнкү курстарын окуп-үйрөнүүнү камтыйт:
- OL1901 Микрокредиттөөнүн негиздери. Курс төмөнкү темалар боюнча билимдерди берүүгө багытталган: кардар - чакан бизнес субъектиси жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү жана талдоо, маалыматтарды кайра текшерүү, жыйынтык чыгаруу жана кардардын реалдуу финансылык абалын баалоо.
- OL1903 Карыз алуучуларга мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлүү кардарлар менен иштөө. Курс кардарга жана анын бизнесине мониторинг жүргүзүү системасы, бизнестеги учурдагы кырдаалды жана анын өнүгүү келечегин баалоо ыкмаларын, кардардын бизнесиндеги тобокелдиктеринин жогорулашынын коркунуч сигналдарын аныктоо ыкмаларын, ошондой эле бул багытта көрүлгөн чаралар системасы сыяктуу темаларды камтыйт. Мындан тышкары, курс экономикалык кризистин же жалпы экономикалык төмөндөөнүн шарттарында карыз алуучулар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн карайт.
- OL1905 Коммуникациянын негиздери. Курстун максаты ийгиликтүү жана натыйжалуу баарлашуу үчүн маанилүү болгон коммуникациянын негиздери боюнча билимдерди өркүндөтүүдө камтылган.
- OL1906 МЧОБ кардарлары менен коммуникациялар. Курс кардарлар менен кандай натыйжалуу баарлашуу жөнүндө билимдерди берет жана коммуникациянын практикалык көндүмдөрүн иштетүү мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда саналып өткөн бардык курстарды ийгиликтүү аяктагандан кийин, сертификат алуу үчүн талапкер “Микро жана чакан ишканаларды каржылоо” комплекстүү онлайн-тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өтүшү керек.
Платформа талапкерге жогоруда саналып өткөн бардык курстарды ийгиликтүү аяктагандан кийин гана сертификатка тестирлөөгө жазылууга уруксат берет.
Суроолор пайда болгон учурда